БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 3-августу № 3/2
«Жер аянтын ажыратууга уруксат берүү жөнүндө»
Барпы айылдык кеңешинин жер жана суу чарба маселери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү М. Жамгырчиевдин жана Барпы айыл өкмөтүнун башчысы Н. Сайитбековдун 03.08.2021-жылдагы № 01-16/729 сандуу сунушун угуп жана талкуулап. Барпы айылдык кеңеши
Токтом кылат:
3. САSA-1000 долбоорунун негизинде АРИСтин колдоосу менен Барпы айыл өкмөтүнүн Боз-Чычкан айылына 3 ( үч) даана трансформатор орнотууга 27м2 жер аянтын ажыратууга, 3кмге 10квт электр мамычаларды зымы менен алмаштырууга жана ички айылдардын электр зымдарын алмаштырууга, Чөкө-Дөбө айылына 2 даана трансформатор орнотууга 18м2 жер аянтын ажыратууга, 3,5 кмге электр мамычаларын орнотуп зым тартууга уруксат берилсин.
2. Уруксат берилген жалпы 45м2 жер аянтынын тийиштүү документтерин даярдап берүү жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У.А.Абдыкулов |