Редакцияот 03.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы

2021-жылдын 3-августу № 3/4

Таштак айылындагы “Ак-Кеме 1” мектепке чейинки билим берүү мекемеси жөнүндө”

Барпы айылдык кеңеши күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы “АРИС”тин долбоору аркылуу жаңы курулуп бүткөрүлгөн 50 орундуу “Ак-Кеме 1” мектепке чейинки билим берүү мекемеси толук бүткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлуп берилгендиктен, республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүп иштетүүгө сунуш берүү максатында Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н, Сайитбековдун сунушун жана айылдык кеңештин депутаттарынын сунуштарын угуп жана талкуулап. Барпы айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1. Барпы айыл өкмөтүнүн Таштак айылындагы “АРИС”тин долбоору аркылуу жаңы курулуп бүткөрүлгөн 50 орундуу “Ак-Кеме 1” мектепке чейинки билим берүү мекемеси толук бүткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилгендиктен, бала бакчанын штаттык бирдиктерин 2021-жылдын 2-жарым жылдыгына республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүп берүү боюнча сунушталсын.

 

2. Сунушту жана тиешелүү иш-кагаздарын даярдоо Барпы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча башкы адиси Г. Карабаевага жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Барпы айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

У.А.Абдыкулов