Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 3-августу № 3/6
«Жер аянтын трансформациялоо жөнүндө»
Барпы айылдык кеңешинин жер жана суу чарба маселери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү М. Жамгырчиевдин жана Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековдун 27.07.2021-жылдагы № 01-16/702 сандуу сунушун угуп жана талкуулап. Барпы айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Барпы айыл өкмөтунүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө инвесторлорду тартып, Үлгү участкасындагы №82 контурдан 10,0 га , №85 контурдан 10,0 га, жалпы 20,0 га сугат жер аянтын логистикалык борбор куруу максатында айыл чарба багытындагы сугат жерлер категориясынан өнөр жай багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Которууга макулдук берилген жер аянтынын документтерин даярдап, Сузак райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кылуу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековго милдетттендирилсин
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У.А.Абдыкулов |