Редакцияот 03.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы

2021-жылдын 3-августу № 3/7

«Жер аянтын трансформациялоо жөнүндө»

Барпы айылдык кеңешинин жер жана суу чарба маселери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү М. Жамгырчиевдин жана Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ө. Мурзаевдин 17.06.2021-жылдагы № 01-16/544 сандуу сунушун угуп жана талкуулап. Барпы айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

3. Барпы айыл өкмөтунүн социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө инвесторлорду тартып, Миң-Өрүк участкасындагы № 326 контурдан 0,20 га жайыт жер аянтын сүт багытындагы эчки багып, сут продукцияларын өндүрүү максатында айыл чарба багытындагы жайыт жерлер категориясынан өнөр жай багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.

 

4. Которууга макулдук берилген жер аянтынын документтерин даярдап, Сузак райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кылуу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сайитбековго милдеттендирилсин.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Барпы айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

У.А.Абдыкулов