Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 3-августу № 3/12
«Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнундө»
Барпы айылдык кеңешинин жер жана суу чарба маселери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү М. Жамгырчиевдин жана Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбеков 08.07. 2021-жылдагы № 01-16/ 645 сандуу сунушун угуп жана талкуулап. Барпы айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Чокмор айылындагы Бишкек - Ош автожолунун боюндагы “Инамжан-Ата” май куюучу жайынын алдындагы мурда ижарага берилген, унаалар май куюп жаткан мезгилде токтоочу 800м2 жер аянтын муниципалдык менчикке алынсын.
2. Муниципалдык менчикке алынган жер аянтынын документтерин даярдап, Сузак райондук мамлекеттик администрациясына сунуш кылуу жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сайитбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У.А.Абдыкулов |