БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 3-августу № 3/13
«Жар-Кыштак айылындагы Өнгү участкасындагы таш жөнундө»
Барпы айылдык кеңешинин жер жана суу чарба маселери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү М. Жамгырчиевдин маалыматын жана Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Сайитбековдун 02.08. 2021-жылдагы № 01-16/ 723 сандуу сунушун угуп жана талкуулап. Барпы айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Кыргыз Республиасынын Өзгөчө Кырдаалдар Министрлигинин начальниги 11-июль 2021-жылдагы № 56 сандуу атайын катында суралган Барпы айыл өкмөтүнүн Жар-Кыштак айылындагы Өнгү участкасынын таш карьер алуу максатында жер аянты элдин суроо-талабына ылайык берилбесин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У.А.Абдыкулов |