Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын III сессиясы
2021-жылдын 3-августу № 3/16
«Жер аянтын мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө»
Барпы айылдык кеңешинин жер жана суу чарба маселери боюнча туруктуу комиссиянын мүчөсү М. Жамгырчиевдин сунушун жана Кыргыз Республикасынын 24.11.2021-жылдагы №773 токтомуна, Кыргыз Республиасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнундөгү” мыйзамдарын жетекчиликке алып, Барпы айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 9 (тогуз) даана трансформаторду калкты электр энергиясы менен сапаттуу камсыздоо максатында Сузак райондук электр тармактар ишканасына өкөрүлүп берилсин.
2. Өткөрүлүп берилген трансформаторлордун ээлеп турган жалпы 81м2 жер аянттарын Сузак райондук электр тармактар ишканасына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жагы Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Сайитбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У.А.Абдыкулов |