БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 7-июну № 2/3
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагынан өтүүчү 700метр бөлүгү автомобиль жолу муниципалдык автомобиль жолдору категориясынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына макулдук берүү жөнүндө
“Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына,”Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү жамааттын кайрылуусун эске алып, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап ,Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылдык кеңеши
токтом кылат
1. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Беш-Мойнок айылы менен Боз-Чычкан айылдарын байланыштырып турган узундугу 700метр болгон бөлүгү муниципалдык автомобиль жолдору категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунун категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Беш-Мойнок айылы менен Боз-Чычкан айылдарын байланыштырып турган узундугу 700метр болгон бөлүгү муниципалдык автомобиль жолдору категориясына өткөрүп берүү жөнүндө өтүнүч Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигине берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Барпы айыл өкмөтүнүн расмий barpy.kg сайтына жарыялансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Барпы айылдык кенешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У.Абдыкулов |