БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын II сессиясы
2021-жылдын 7-июну № 2/5
«Ичүүчү таза суу жөнүндө»
Барпы айыл аймагындагы калкка ичүүчү таза сууну толук кандуу жеткирүү үчүн иш-чара иштеп чыгуу боюнча Барпы айылөкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу: Ө.Мурзаевдин сунушун угуп жана талкуулап.Барпы айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Барпы айыл аймагында ичүүчү таза сууну сугат суу катары колдонууга тыюу салынсын.
2. Токтом менен Барпы айыл өкмөтүнүн бардык айылдарындагы калкка тааныштырылсын жана тушундүрүү иштери тиешелүү адистерге жана айыл башчыларына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун атарылышын көзөмөлдөө Барпы айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У.А.Абдыкулов |