Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 3-ноябры № 78/18-5
Токмок шаарынын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн жана « Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок» муниципалдык мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 18-октябрындагы №1-22/2139 жана 2022-жылдын 25-октябрындагы №1-22/2191 каттарынын жана Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 01-ноябрындагы экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн жана «Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок» муниципалдык мекемесинин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга макулдук берилсин.
2. Токмок шаарынын мэри (У.О.Самаев) эмгек акыны теӊдесин:
-Токмок шаарынын мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин эмгек акысына Токмок шаарынын жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнүн кызматкерлерин;
-Токмок шаарынын маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин эмгек акысына «Менин шаарым Токмок-Мой город Токмок» муниципалдык мекемесинин кызматкерлерин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |