Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 3-ноябры № 81/18-5
Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы №287/37-4 “Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө” жана 2020-жылдын 29-декабрындагы №300/38-4 «Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө» токтомдорун жокко чыгаруу жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 27-октябрындагы №1-22/2235 жана 2022-жылдын 01-ноябрындагы №1-22/2270 каттарын карап, Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 27-октябрындагы жана 02-ноябрындагы экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколдорунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаардык кеңешинин 2020-жылдын 26-ноябрындагы №287/37-4 “Токмок шаарынын мэриясынын жана Токмок шаардык кеңешинин жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө” жана 2020-жылдын 29-декабрындагы №300/38-4 «Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын Жамааттык келишимин бекитүү жөнүндө» токтомдору жокко чыгарылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |