Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 3-ноябры № 86/18-5
Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына тизме боюнча объекттерди кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 28-октябрындагы №1-22/2243 жана 2022-жылдын 31-октябрындагы №1-22/2252 каттарын карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 01-ноябрындагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына төмөндөгү тизме боюнча обьекттерди кабыл алууга макулдук берилсин:
- Токмок шаары, 1-кичирайон, 20-үй дарегинде жайгашкан 45 батирлүү үй (мурдагы жатакана);
- Токмок шаары, Шамшы көчөсү, номуру жок дарегинде жайгашкан “Жаштар үйү” имараттар жана курулуштар комплекси;
- Токмок шаары, Сарбагышев көчөсү 86 дарегинде жайгашкан “0807 региондор аралык бөлүмүнүн” имараты (мурдагы Жарандык абалдын актыларын каттоо).
2. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына басылып чыгарылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |