Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XVIII СЕССИЯСЫ
2022-жылдын 3-ноябры № 87/18-5
Токмок шаары, Жантаев көчөсү номуру жок дарегинде жайгашкан: Адылов С.А. жаранынын аянты 6,5 га жер тилкесинин зоналдык категориясын К-1 зонасынан П-1 зонасына которууга жана “Токмок шаарынын Курулуш жана жерди пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2022-жылдын 28-октябрындагы №1-22/2256 катынын жана Токмок шаарынын Курулуш жана жер пайдалануу боюнча комиссиянын протоколунун негизинде, ошондой эле Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2022-жылдын 2-ноябрындагы протоколуна ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Токмок шаарынын Курулуш жана жер пайдалануу эрежелеринин” 25-беренесине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Токмок шаары, Жантаев көчөсү номуру жок дарегинде жайгашкан: Адылов С.А. жаранынын аянты 6,5 га жер тилкесинин зоналык категориясын К-1 (коммуналдык чарба, транспорт, кампа жана чакан өндүрүш зонасы) зонасынан П-1 (өнөр жай зонасы) зонасына которулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
Т.М. Сансызбаев |