Редакцияот 29.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Барпы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХII сессиясы

2020-жылдын 29-декабры № 22/3

Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар жөнүндө

Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХХII сессиясы күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: Ж. Абдыкадировдун статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишимди бекитүү жөнүндөгү маалыматын жана сунуштарды карап чыгып, Барпы айылдык кеңеши

 

Токтом кылат:

 

1 Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жылдагы №715 “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” токтомуна ылайык Сузак райондук мамлекеттик статистика бөлүмү жана Барпы айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишим бекитилсин.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Барпы айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Абдыкулов. У. А.