БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХIII сессиясы
2021-жылдын 19-февралы № 23/1
Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: Ж. Абдыкадировдун 2020-жылга карата аткарган иштери боюнча отчету
Барпы айылдык кеңешинин ХХШ сессиясынын күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын 2020-жыл ичинде социалдык-экономикалык багытта аткарган иштери боюнча маалыматын жана сунуштарды карап чыгып, Барпы айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн 2020-жыл ичинде социалдык-экономикалык багытта аткарган иштери боюнча Барпы айыл өкмөтүнүн башчысы: Ж. Абдыкадировдун маалыматы канаатандырарлык деп табылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
Абдыкулов. У. А. |