Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2019-жылдын 22-апрели № 189
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө" токтомун күчүн жоготту деп таануу тууралуу
Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан соттук-укуктук реформаны андан ары ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-октябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүгө убактылуу мораторий киргизүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2019-жылдын 7-майындагы N 37-38 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| М.Абылгазиев |