Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХI сессиясы
2020-жылдын 17-ноябры № 21/1
«Барпы айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө»
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине, Барпы айылдык кеңешинин Регламентине ылайык, Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоону өткөрүү жөнүндөгү 2020-жылдын 17-ноябрындагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын протоколун карап чыгып,Барпы айылдык кеңеши
Токтом кылат:
1. Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын № 2 протоколу бекитилсин.
Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Абдыкадиров Жунусали Джакыпалиевич шайланды деп эсептелсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
Абдыкулов. У. А. |