Редакцияот 17.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Барпы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХХI сессиясы

2020-жылдын 17-ноябры № 21/3

Сузак райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы: Ж. Маткасымовдун 13.10.2020-жылдагы чыгыш № 163 сандуу каты жөнүндө

Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХХI сессиясы күн тартибиндеги Сузак райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы: Ж. Маткасымовдун 13.10.2020-жылдагы чыгыш № 163 сандуу катындагы белгиленген Кыргыз республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлигинин өсүмдүктөрдүн карантини боюнча департаментинин 21-сентябрь 2020-жылдагы № 01-25/76 сандуу телефонограммасына ылайык Айыл аймакта дыйкандардын иштерин жакшыртуу жана зыянкечтерден коргоо максатында таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана экспорттоо максатында жеке агрономдордун көргөзгөн кызматынын тарифтик баасын Барпы айылдык кеңештин кезектеги сессиясында карап бекитип берүү боюнча Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу: Ж. Абдыкадировдун 11.11.2020-жылдагы чыгыш № 01-10/2280 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап төмөндөгүдөй

Токтом кылат.

1. Айыл аймакта дыйкандардын иштерин жакшыртуу жана зыянкечтерден коргоо максатында таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү жана экспорттоо максатында жеке агрономдордун көргөзгөн кызматынын тарифтик баасы: 9000(тогуз) миң сом айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адистин оклад өлчөмүндө эмгек акы бекитилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Барпы айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

Абдыкулов. У. А.