Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2020-жылдын 29-сентябры № 20/3
Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХХ сессиясы күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын 11.09.2020-жылдагы чыгыш № 01-16/2125 сандуу сунушун угуп жана талкуулап. Барпы айылдык кеңеши
Токтом кылат.
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Чөкө-Дөбө айылындагы Хамза атындагы орто мектебинин филиалынын 980м2 жер аянтын ээлеген муниципалдык менчиктеги жер аянтына спорт аянтчасын курууга уруксат берилсин.
2. Муниципалдык менчиктеги жер аянтына мамлекеттик акты даярдоо жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап кучүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У . А. Абдыкулов. |