Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2020-жылдын 29-сентябры № 20/4
Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХХ сессиясы күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын 11.09.2020-жылдагы чыгыш № 01-16/2126 сандуу сунушун угуп жана талкуулап. Барпы айылдык кеңеши
Токтом кылат.
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Боз-Чычкан айылынын тургуну Нурбек уулу Адилеттин ижарага алып үй салып, пайдаланып жүргөн 0,10га жер аянты муниципалдык менчикке катталсын.
2. Муниципалдык менчиктеги жер аянтына мамлекеттик акты даярдоо жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап кучүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У . А. Абдыкулов. |