Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2020-жылдын 14-сентябры № 20/5
Убактылуу комиссия түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Өз Алдынча Башкаруу жана Мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХХ сессиясы кун тартибиндеги Комсомол айылынын тургуну Сабиров Канатбектин кайрылуусун угуп жана талкуулап, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айылдык кеңешинин сессиясы
Токтом кылат:
1. Комсомол айылынын тургуну Сабиров Канатбектин “Аль-Фауз “ жалпы билим берүүчү мектептин жетекчисинин үстүнөн жазылган кайрылууга карата жеринен барып, пикир алмашуу максатында убактылуу комиссия түзулсүн.
2. Комиссиянын төрагасы: Д. Эргешов: Бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.
1. А.Танатаров: айылдык кеңештин депутаты-мүчө.
2. С.Гаипбердиев: Сациалдык саясат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы.
3. Н. Саитбеков: айылдык кеңештин депутаты-мүчө.
4. Б. Карабеков: айылдык кеңештин депутатымүчө.
5. А. Калыев: айылдык кеңештин төрагасынын орун басары-мүчө.
6. Г. Карабаева: Барпы айыл өкмөтүнүн социалдык маселелери боюнча башкы адиси-комиссиянын мүчөсү.
7. Муратов Самидин: Комсомол айылынын айыл башчысы-мүчө.
8. Мадаминов Юсупжан: Сузак райондук Элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору.
3. Жеринде барып таанышып, протокол түзүү жана чечим кабыл алуу убактылуу комиссияга жүктөлсун .
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
5. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап кучүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У , А, Абдыкулов. |