Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги XX сессиясы
2020-жылдын 29-сентябры № 20/6
Жер аянтын муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Барпы айылдык кеңешинин кезектеги ХХ сессиясы күн тартибиндеги Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын 11.09.2020-жылдагы чыгыш № 01-16/2123 сандуу сунушун угуп жана талкуулап. Барпы айылдык кеңеши
Токтом кылат.
1. Барпы айыл өкмөтүнүн Миң-Өрүк айылындагы калктуу конуштагы (эски мал сарайдын) ичиндеги жалпы аянты 600м2 жер аянтын муниципалдык менчиктке каттап, спорт аянтчасын курууга уруксат берилсин.
2. Муниципалдык менчиктеги жер аянтына мамлекеттик акты даярдоо жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук филиалынан суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап кучүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У . А. Абдыкулов. |