Загрузка документа…
БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы
2021-жылдын 10-сентябры № 4/10
“Каражат бөлүү жөнүндө”
Барпы айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы күн тартибиндеги Чангет-Сай айылынын тургуну Авазов Эркиндин сарайы 31-август 2021-жылы чагылган түшүп күйүп кеткендиктен жардам бөлүү максатында Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ
1. Барпы айыл аймагынын Чангет-Сай айылынын тургуну Авазов Эркиндин сарайына чагылган түшүп күйүп кеткендиктен, кайра калыбына келтирүүгө жардам катары жергиликтүү бюджеттен 10 000 (он миң) акча каражаты бөлүнүп берилсин. .
2. Акча каражатын бөлүп берүү жагы Барпы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
4. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Барпы айылдык кеңешинин төрагасы : |
У .А.Абдыкулов |