Редакцияот 10.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАРПЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Барпы айылдык кеңешинин VII чакырылышынын IV сессиясы

2021-жылдын 10-сентябры № 4/3

“ЖЧК Суу курулуш иш-канасынын жетекчиси Жолчуев Нурландын кайрылуучу жөнундө”

Барпы айылдык кеңешинин күн тартибиндеги “ЖЧК Суу курулуш ишканасынын жетекчиси Жолчуев Нурландын Суу крулуш ишканасынын базасын курууга ижарага алып иштетип жаткан жерден 0,50 га жер аянтын сурап жазган кайрылуусун жана жер жана турак жай маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Жамгырчиевдин билдирүүсүн эске алып Барпы айылдык кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ

 

1. Барпы айыл аймагынын Комсомол участкасынын эски курулуш бригадасынын ордундагы ЖЧК Суу курулуш ишканасы ижарага алып иштетип жүргөн жерден 0,30 га жер аянтын ишкананын базасын куруу үчүн бөлүп берүү жагы Барпы айыл өкмөтүнүн жер адисине тапшырылсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү жер туруктуу комиссиянын төрагасы М.Жамгырчиевке калтырамын.

 

3. Бул токтом Барпы айыл өкмөтүнүн сайтына barpy.kg жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Барпы айылдык

кеңешинин төрагасы :

 

У .А.Абдыкулов