Редакцияот 04.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бостери айылдык кеңешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 4-июну № 04

Жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31- беренесине, КР “Жер Кодексинин 22- статьясына жана КР “ Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн имаратынын күн чыгыш тарабындагы 600 м2 жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга токтом берүү жөнүндө 03.06.2021-ж № 01-31а/22 катын карап чыгып Бостери айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Бостери айылындагы айыл өкмөтүнүн имаратынын күн чыгыш тарабындагы 600 м2 жер тилкесин “ Бостери ата” айкелин орнотуу максатында муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.

2. Муниципалдык менчикке алынып жаткан 600 м2 жер тилкесине тиешелүү укук күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоо жагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге тапшырылсын.

3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт-курулуш, байланыш, өнөр жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага

Э.Усубалиев