Загрузка документа…
ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон-Ата шаардык кеңешинин XXX чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
2021-жылдын 1-декабры № 30/8-3
Чолпон-Ата шаарынын Чолпон-Ата-Бишкек, Каракол, Ананьево маршруттук каттамынын жол кире тарифин бекитип берүү жөнүндө
Чолпон-Ата шаардык мэриясынын 2021-жылдын 17-ноябрындагы №01-1-40/1095 сунушу жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Союз Транс Иссык-Куль” ЖЧКсынын жазган кайрылуусун карап чыгып, шаардык кеңештин «Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясы» жана «Экология, көрктөндʏрʏ, жашылдандыруу, жер, транспорт байланышы, курулуш жана жеке ишкер боюнча» туруктуу комиссияларынын 2021-жылдын 18-ноябрындагы биргелешкен отурумунун протоколун карап чыгып, талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши,
Токтом кылат:
1. Чолпон-Ата-Бишкек, Каракол, Ананьево каттамында жүргөн маршруттук каттамынын жол кире тарифи 2021-жылдын 10-декабрынан баштап төмөндөгүдөй бекитилсин.
- 1 адамга Чолпон-Ата-Бишкек -300-00 сом;
- Чолпон-Ата-Каракол-180-00сом;
- Чолпон-Ата- Ананьево-80-00сом
2. “Союз Транс Иссык-Куль” ЖЧКсынын жетекчиси Белек уулу Кубанычбекке ар бир айдоочунун салонунун ичине тариф, схема, айдоочунун аты жөнү, санитардык норма жөнүндө жарыяны илдирүү жагы милдеттендирилсин.
3. Чолпон-Ата шаарынын мэри Б.Ш.Иманбековго;
- Чолпон-Ата шаарынын күн чыгыш тарабынын жол кыймылына авариялык абал болгондуктан жана жол жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун сактоо үчүн Чолпон-Ата–Каракол каттамын ташыган маршруттук каттамдарды жайгаштыруу үчүн шаардын Автобекетинин жетекчиси менен биргеликте иш алып баруу жагын милдеттендирилет.
4. Токтомду көзөмөлгө алуу жагын шаардык кеңештин «Бюджет, каржы, экономика жана инвестиция тартуу боюнча комиссиясы» жана «Экология, көрктөндʏрʏ, жашылдандыруу, жер, транспорт байланышы, курулуш жана жеке ишкер боюнча» туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага | А.Алымбаев |