Редакцияот 19.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бостери айылдык кеңешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2021-жылдын 19-ноябры № 05

Жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31- беренесине, КР “Жер Кодексинин 22- статьясына жана КР “ Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн Бостери айыл аймагынын күн батыш тарабына Стелла орнотуу максатында 150 м2 жер аянтын муниципалдык менчикке алууга токтом чыгарып берүү жөнүндө 08.10.2021-ж № 01-31/1441 катын карап чыгып, Бостери айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Бостери айыл аймагынын күн батыш тарабына Стелла орнотуу үчүн Балыкчы –Каракол автотрассасынан 20,80 метр аралыкта жайгашкан 150 м2 жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.

2. Муниципалдык менчикке алынып жаткан 150 м2 жер тилкесине тиешелүү укук күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоо жагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге тапшырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт-курулуш, байланыш, өнөр жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.

 

Төрага

Э.Усубалиев