Редакцияот 19.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бостери айылдык кеңешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2021-жылдын 19-ноябры № 06

Ижарага берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө 15.03.2002-ж №37 Мыйзамына ылайык, Бактуу Долоноту айылындагы мурдагы №54 жылкы заводунун кенсесин Шаар курулуш жана архиектура мамлекеттик долборлоо институтунун курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча Ысык-Көлдөгү филиалына ижарага берүү жөнүндө Бостери айыл өкмөтүнүн 14.10.2021-ж №01-31а/47а кайрылуу катын карап чыгып, Бостери айылдык кеңешинин транспорт, курулуш,байланыш, өнөр жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын 12.11.2021-ж отурумунун бүтүмүнүн негизинде Бостери айылдык кеңеши

 Токтом кылат:

1. Бактуу Долоноту айылындагы мурдагы № 54 жылкы заводунун имаратынын 70 кв.м кенсесин Шаар курулуш жана архитектура мамлекеттик долборлоо институтунун курорттук-рекреациялык жана туристтик комплекстер боюнча Ысык-Көлдөгү филиалына ижарага берүүгө макулдук берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө 15.03.2002-ж №37 Мыйзамы менен бекитилген жобого ылайык, айыл аймактын муниципалдык менчик объекттерин ижарага берүү келишимдерин түзүү боюнча иш алып баруу жагы Бостери айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге милдеттендирилсин.

3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук Юстиция башкармалыгына жиберилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин транспорт, курулуш, байланыш, өнөр-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Э.Усубалиев