БОСТЕРИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бостери айылдык кеңешинин ХХIX чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2021-жылдын 19-ноябры № 04
Жер тилкесин муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31- беренесине, КР “Жер Кодексинин 22- статьясына жана КР “ Муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык, Бостери айыл өкмөтүнүн Бактуу Долоноту айлынынын орус улутундагы калкынын көрүстөнү жайгашкан жер аянтын муниципалдык менчикке алууга токтом чыгарып берүү жөнүндө 23.09.2021-ж № 01-31а/43 катын карап чыгып, Бостери айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Бактуу Долоноту айлында жайгашкан Христиан көрүстөнүнүн 1.16 га жер аянтын муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Муниципалдык менчикке алынып жаткан 1.16 га жер тилкесине тиешелүү укук күбөлөндүрүүчү документтерин даярдоо жагы Бостери айыл өкмөтүнүн башчысы К.Сопуевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт-курулуш, байланыш, өнөр жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик –укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
Төрага | Э.Усубалиев |