Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2022-жылдын 3-октябры № 20/1
Нарын районунун Кенеш айылында жайгашкан "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын Нарын бөлүмүнүн Нарын өзүнчө приводдук радио-станциянын өндүрүштүк имаратын жана чектеш жерин Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансасына алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетие караштуу Мамлекеттик Жарандар Авиация агентигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын 2022-жылдын 19-сентябрь айынын № 02-1/508 катынын негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык депутаттар Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Нарын районунун Кенеш айылында жайгашкан "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын Нарын бөлүмүнүн Нарын өзүнчө приводдук радиостанциянын өндүрүштүк имаратын жана чектеш жерин Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансасына алуу боюнча 2022-жылдын 30-сентябрындагы комиссиясынын № 1 актысы бекитилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетие караштуу Мамлекеттик Жарандар Авиация агентигинин алдындагы "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын Нарын районунун Кенеш айылында жайгашкан "Кыргызаэронавигация" мамлекеттик ишканасынын Нарын бөлүмүнүн Нарын өзүнчө приводдук радиостанциянын өндүрүштүк имараты жана чектеш 0,02 га жер аянты Дөбөлү айыл өкмөтүнүн балансасына кабыл алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча адиси Б. Токталиевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Бектемировго тапшырылсын.
Төрага | С. Кадырбеков |