Загрузка документа…
КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышы
2022-жылдын 15-марты № 3/7
“Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 бер. 1 б. жетекчилике алып, , айыл чарба, жер жана өнөр жай маселелери, кыймылсыз мүлк жана транспорт мыйзамдары боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2022-жылдын 3-февралындагы №1 протоколунун негизинде, Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 3-февраль 2022-жылдагы №02-12/78 катындагы “Ыйман Бакыт” коому” диний уюмунун кайрылуусу боюнча маалыматты угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сокулук айылындагы 60лет Киргизия №13 дарегинде жайгашкан жалпы аянттагы 1368,5 кв.м. “Турак жай куруу үчүн” жер тилкесин, “Диний мекеме” максаттык багытына өзгөртүүгө макулдук берет.
2. Сокулук айылындагы 60лет Киргизия №13 дарегинде “Ыйман Бакыт” коому” диний уюмунун алдында ачылган “Абу Ханифа” атындагы медресе” мекемесине ишмердүүлүк жүргүзүүсүнө макулдук берет.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Крупская айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т Уметалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | М.Р. Акчалов |