Загрузка документа…
КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышы
2022-жылдын 15-марты № 3/8
Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 бер. 1 б. жетекчилике алып, айыл чарба, жер жана өнөр жай маселелери, кыймылсыз мүлк жана транспорт мыйзамдары боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2022жылдын 15-мартындагы №2 протоколунун негизинде, Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевдин, Сокулук айылындагы МТФ №2 дарегиндеги силос сактоочу ороонун максаттык багытын кошар жер тилкесине өзгөртүү боюнча жеке менчик ээси К. Абдрахмановдун арызы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сокулук айылындагы МТФ №2 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 6300,0 кв.м. силос сактоочу ороонун максаттык багытын кошар жер тилкесине өзгөртүүгө макулдук берет.
2. Жеке менчик ээси К. Абдрахманов тарабынан санитардык-экологиялык, архитектуралык-техникалык, өрт өчүрүүчү жана коопсуздук нормалар сакталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышына жооптуу жана көзөмөлдөө Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | М.Р. Акчалов |