Загрузка документа…
КРУПСКАЯ АТЫНДАГЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Крупская атындагы айылдык аймагынын айылдык Кеңешинин XXVIII чакырылышы
2022-жылдын 15-марты № 3/11
Жер участогунун максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 12 бер. 1 б. жетекчилике алып, Сокулук районунун шаар куруу жана архитектура боюнча байкармалыгынын 2021жылдын 24 январындагы №05-22Д Архитектуралык-техникалы корутундусунун жана айыл чарба, жер жана өнөр жай маселелери, кыймылсыз мүлк жана транспорт мыйзамдары боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын 2022жылдын 15-мартындагы №2 протоколунун негизинде, Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевдин, Сокулук айылындагы Калинина №57 көчөсүндөгү короо жай алдындагы жер тилкесинин максаттык багытын дүкөн курууга өзгөртүү жөнүндө жеке менчик ээси Ч. Момоткожоевдин арызы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңештин XXVIII-чакырылышы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Сокулук айылындагы Калинина №57 көчөсүндө жайгашкан, жалпы аянты 1007,0кв.м. “короо жай алдындагы, калктуу конуштар жер тилкесинен”, 82,42кв.м. жер тилкесин дүкөн курууга максаттык багытын өзгөртүүгө макулдук берет.
2. Жеке менчик ээси Ч.Момоткожоев тарабынан санитардык-экологиялык, архитектуралык-техникалык, өрт өчүрүүчү жана коопсуздук нормалар сакталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Крупская атындагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т.Т.Уметалиевге жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | М.Р. Акчалов |