Загрузка документа…
КӨК-АРТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVIII-сессиясы
2021-жылдын 25-октябры № 8
Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылындагы А.Батыров атындагы оорукананын эскилиги жеткенине байланыштуу жаңы оорукана курууга “Ассанабиль” кайрымдуулук фондунун инвестициясын тартуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылындагы А.Батыров атындагы оорукананын эскилиги жеткенине байланыштуу жаңы оорукана курууга “Ассанабиль” кайрымдуулук фондунун инвестициясын тартуу боюнча Көк-Арт айыл өкмөтүнүн башчысы Э.М.Жумуковдун берген сунушун угуп жана талкуулап Көк-Арт айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII-сессиясы токтом кылат:
1. Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Жерге-Тал айылындагы А.Батыров атындагы оорукананын эскилиги жеткенине байланыштуу жаңы оорукана курууга “Ассанабиль” кайрымдуулук фондунун инвестициясы тартылсын.
2. Тийиштүү иш-чараларды жүргүзүү жагын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Э.М.Жумуковко жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Көк-Арт айыл өкмөтүнүн kugart.my1.ru расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Көк-Арт айылдык кеңешинин жоопту катчысы Г.А.Акпаралиевага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Көк-Арт айылдык кеңешинин төрагасы: |
C.Жуманазаров. |