Редакцияот 30.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

2021-жылдын 30-сентябры № 1

Сакалды айыл өкмөтүндөгү кичи футбол аянтчасын ижарага алуусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине таянып, Сакалды айылдык кеӊешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VI сессиясы токтом кылат:

 

1 .Сакалды айылынын жашоочусу Кенжаев Алмаз Жабаралиевичтин 2021-жылдын 24-сентябрындагы “Эстелик” аянтчасындагы кичи футбол аянтчасын (газонду) ижарага алуусу боюнча жазган арызы канааттандырылсын, узак ммөөнөтүү 5 (беш) жылга ижарага берилсин.

 

2. “Эстелик” аянчасын жана кичи футбол (газон) аянтчасынын айланасынын тазалыгын кароо жана иретке келтирүү Сакалды айыл аймагынын тургуну Кенжаев Алмаз Жабаралиевичге милдеттендирилсин.

 

2. Келишим иш кагаздарын даярдоо Сакалды айыл өкмөт башчысы А.Осмоновго жүктөлсүн.

 

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Мамашовго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Нишанбаев