Редакцияот 18.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

2021-жылдын 18-ноябры № 15

Бел-Алды айыл аймагындагы Кишен Талаа жер тилкесинин айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фонддун кайрак айдоо жеринен 46,4 га жер аянтын турак жай курууга которуу (трансформациялоо) жөнүндө

Айыл тургундарынын арыз жана кайрылууларынын негизинде башкы адис Ч.Сманбековдун сунушун угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бел-Алды айыл аймагындагы Кишен Талаа жер тилкесинин айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фонддун кайрак айдоо жеринен 46,4 га жер аянты турак жай куруу үчүн которулсун (трансформациялансын).

 

2. Бел-Алды айыл аймагындагы Кишен Талаа жер тилкесинин айыл чарбасына жарактуу мамлекеттик фонддун кайрак айдоо жеринен 46,4 га жер аянтын турак жай курууга которуу үчүн тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы башкы адис Ч.Сманбековго милдеттендирилсин.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба,жер жана агрардык тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

4. Бул токтом “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын.

 

5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Бел-Алды айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Асанов.А.А