Редакцияот 11.05.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Көк-Ирим айыл аймактык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 11-майы № 1

«Туруктуу комиссияларды шайлоо жөнүндө»

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары кайрадан түзүлсүн жана төрагалары, катчылары шайлансын.

 

- Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссия түзүлсүн жана төрагалыгына И.Ашырбеков, катчылыгына М.Кулубаева шайлансын

 

- Жергиликтүу өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия түзүлсүн жана төрагалыгына А.Айдаралиева, катчылыгына Г.Υркүнчиева шайлансын.

 

- Бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, тарнспорт жана экология боюнча комиссия түзүлсүн жана төрагалыгына А.Эпеев, катчылыгына Н.Мейманбеков шайлансын.

 

2. Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын шайланышы массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап юридикалык күчкө ээ болот.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам

 

Көк-Ирим

айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

К.Асыйбеков