Загрузка документа…
КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Ирим айыл аймактык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы
2021-жылдын 11-майы № 2
«Корук маселесин чечүү жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын
кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булактын корук иштери 2021-жылдын 13-майынан баштап колго алынсын.
2. Айдоо аянттарына түшкөн малга айдоо аянтына келтирген зыянына карата мыйзам чегинде чара көрүлөрү мал ээлерине эскертилсин.
3. Айдоо аянттарына түшкөн малды камоодо чыгаша болсо корукчу эмес мал ээси жооптуу экендиги эскертилсин.
4. Корукчуларга Кара-Булак участогунан 2 га жер аянтын бөлүп берүү жагы жер адис Муса уулу Жанайга милдеттендирилсин.
5. Корукчуларга бөлүнүп берилген 2 га жер аянты, атайын корукчулар үчүн деп берилсин жана корукчулар алмашканда кийинки келген корукчуга өткөрүп беришсин.
6. Корукчуларга 20 000 (Жыйырма миӊ) сом корук акысын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүү жагы ФЭБ башчысы Өскөнбай уулу Сүйүндүккө милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын у.м.а Н.Нарматовага жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Ашырбековко тапшырылсын.
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Асыйбеков |