Документке
Мурунку11.05.2021

КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Ирим айыл аймактык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 11-майы № 4

««МТС-Көк-Ирим» муниципалдык ишканасы жөнүндө»

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,

Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын

кезектеги II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «МТС-Көк-Ирим» муниципалдык ишканасынын директору М. Шабданбековко милдеттендирилсин:

- 6 айдын жыйынтыгы менен канча жер айдалды, МТСтин бюджетине канча акча түштү, анын канчасы МТСке таза киреше экендиги боюнча толук отчет берүү;

- МТСтеги 3 трактор,1 комбайндын иштөөсүн ар дайым көзөмөлгө алуу;

- Корукчулар мингенге Сары-Талаанын чөбүнөн түшкөн кирешенин эсебинен 2 мингич ат сатып берүү;

- Корукчуларга 20 000 (Жыйырма миӊ) сом корук акысын төлөп берүү;

- МТСтин карамагындагы айыл чарба шаймандарын тактоо, айыл өкмөттүн балансасына кире элек шаймандарды айыл өкмөтүнүн балансасына киргизүү;

- Кириш,чыгыш журналын жүргүзүү;

- Тракторлордун иштеген акысына чек кыркып берүү;

2. МТСтин карамагындагы 3 трактор, 1 комбайн бузулса техникаларды оӊдотууга трактордун шоферлорунун ( С. Мокеев, Болотбек у Б, Д.Досматов, Каныбек у З) жана МТСтин директору М. Шабданбековдун айлык акысынын эсебинен оӊдотулсун.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Көк-Ирим айыл аймагынын

айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Асыйбеков

Жаңы30.07.2021

КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Ирим айыл аймактык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги II сессиясы

2021-жылдын 11-майы № 4

««МТС-Көк-Ирим» муниципалдык ишканасы жөнүндө»

(Көк-Ирим айыл аймактык кеңешинин 2021-жылдын 30-июлундагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык)

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,

Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын

кезектеги II сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «МТС-Көк-Ирим» муниципалдык ишканасынын директору М. Шабданбековко милдеттендирилсин:

- 6 айдын жыйынтыгы менен канча жер айдалды, МТСтин бюджетине канча акча түштү, анын канчасы МТСке таза киреше экендиги боюнча толук отчет берүү;

- МТСтеги 3 трактор,1 комбайндын иштөөсүн ар дайым көзөмөлгө алуу;

- Корукчулар мингенге Сары-Талаанын чөбүнөн түшкөн кирешенин эсебинен бир мингич ат сатып берүү;

- Корукчуларга 20 000 (Жыйырма миӊ) сом корук акысын төлөп берүү;

- МТСтин карамагындагы айыл чарба шаймандарын тактоо, айыл өкмөттүн балансасына кире элек шаймандарды айыл өкмөтүнүн балансасына киргизүү;

- Кириш,чыгыш журналын жүргүзүү;

- Тракторлордун иштеген акысына чек кыркып берүү;

2. МТСтин карамагындагы 3 трактор, 1 комбайн бузулса техникаларды оӊдотууга трактордун шоферлорунун ( С. Мокеев, Болотбек у Б, Д.Досматов, Каныбек у З) жана МТСтин директору М. Шабданбековдун айлык акысынын эсебинен оӊдотулсун. Өздөрүнүн күнөөлөрүнүн негизинде.