КӨК-ИРИМ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги II I сессиясы
2021-жылдын 30-июлу № 2
«МТС-Көк-Ирим» муниципалдык ишканасынын директору М. Шабданбековдун 6 айлык отчетун угуу жөнүндө»
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап,
Кѳк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын
кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мурунку токтомдорду аткарбагандыгы үчүн айыл өкмөт башчысынын сунушунун негизинде «МТС-Көк-Ирим» муниципалдык ишканасынын директору М. Шабданбековко акыркы эскертүү берүү менен 6 айлык отчету кабыл алынсын жана буга чейинки 2021-жылдын аткарган иштеринин отчетун толук 9 айлыкта толугу менен берсин.
2. РСК банкынан алган 150 миӊ сом акча каражатынын так маалыматын 19-августка берсин.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жагы жооптуу катчы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Секелеӊовко жана мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын башчысы Ашырбековко тапшырылсын.
Көк-Ирим айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
К.Асыйбеков |