Редакцияот 06.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VII сессиясы

2021-жылдын 6-октябры № 3

Атуулдардан түшкөн арыздарды кароо жөнүндө

Кара-Суу айылдык кеңештин төрагасынын атуулдардан түшкөн арыздар боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. Сай-Булуң айылындагы К.Сапаралиев мектебинин жылытуу системасынын ремонт иштерине жумшалуучу 30000 (отуз миң) сом акча каражаты жетишсиз болгондуктан, Сай-Булуң айылынын айыл башчысы Б.Ибиралиев жана К.Сапаралиев мектебинин директору Ү.Жумабаевдин кайрылуусунун негизинде бөлүнгөн сумма, №9 Жеңижок атындагы билим берүү мектебине таза суу алып келүү үчүн түтүктөрдү сатып алууга бөлүнүп берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

кеңештин төрагасы:

 

Т.Нарматов