Редакцияот 06.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VII сессиясы

2021-жылдын 6-октябры № 4

Кыргыз Республикасынын белгилүү залкар комузчу Ниязалы Борош уулунун 165 жылдык жана Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын баатыры Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдык мааракесин райондун аймагында белгилөө жөнүндө

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Э.Ызабековдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын VII сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ

 

1. 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинен резервдик ротадагы балдарды күжүрмөн даярдыкка алып барууда тамак-аш жол акы менен камсыз кылуу үчүн бөлүнгөн 20000 (жыйырма миң) сом жана Кара-Суу айылдык кеңешинин токтомдорун веб сайтка жайгаштыруу үчүн бөлүнгөн 10000 (он миң) сом, жалпысынан 30000 (отуз миң) сом акча каражаты Кыргыз Республикасынын белгилүү залкар комузчусу Ниязалы Борош уулунун 165 жылдык жана Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын баатыры Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдык мааракесин райондун аймагында белгилөөгө кызмат көрсөтүү акысына төлөнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчиктерди көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Кара-Суу айылдык

кеңештин төрагасы:

 

Т.Нарматов