КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин VIII чакырылыштагы кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 19-ноябры № 8/1
Көк-Жаңгак шаарынын мекеме-ишканаларынын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча маалыматтарын угуу
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары 2021-жылы шаардык мекеме-ишканалардынкүз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жетекчилеринин маалыматтарын угуп, талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңешининдепутаттарынын (VIII чакырылыштагы) кезектеги VIII сессиясы
ТОКТОМ кылат:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мэри Б.Замирбековдун 2021-жылдын 9ай ичинде социалдык-экономикалык тармактарында аткарган иштерин жана күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Көк-Жаңгак шаардык билим берүү бөлүмүнүн (мектептер, бала-бакчалар жана Балдар чыгармачылык борбору) аткарган иштери, күз-кыш мезгилине даярдыгы жана билим берүүнүн окуу процесстери жана сапаты боюнча жетекчиси С.Сейдакматованын маалыматы эске алынсын.
3. Көк-Жаңгак шаардык коммуналдык менчик департаментинин күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жетекчиси И.Абдурасуловдун маалыматы эске алынсын.
4. Көк-Жаңгак шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунункүз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жетекчиси К.Байдавлетовдун маалыматы эске алынсын.
5. Көк-Жаңгак шаардык маданият бөлүмүнүн («Искусство» мектеби, китепкана) күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча жетекчиси Н.Шекееванын маалыматы эске алынсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин төрагасы: |
Байдавлетов З. |