Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 1
Жергиликтүү кеңештин типтүү регламентине өзгөтүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетине караштуу мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик аганттигинин директору Э.Н.Джантаевдин 14.03.2022-жылдагы № 56 буйругунун негизинде, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Т.Б.Эшбаевдин 16.03.2022-жылдагы № 01-31/348 чыгыш сандуу сунушун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын биринчи орун басары Т.Б.Эшбаевдин 16.03.2022-жылдагы № 01-31/348 чыгыш сандуу сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылдык жергиликтүү кеңешке усулдук жардам көрсөтүү, алардын ишмердүүлүгүн уюштуруучулук жана укуктук негиздерин бекемдөө, жергиликтүү кеңештин регламенттерин “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө ”Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш болгондуктан Жергиликтүү кеңештин Типтүү регламенти бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |