Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 2
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевдин 22.03.2022-жылдагы №19 чыгыш санду кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевдин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя жайыт комитетинин 2022-жылга бекитилген бюджетинде ар кандай чыгымдар статиясында чарбалык буюмдарга каралган 177 600 (бир жүз жетимиш жети миң алты жуз) сом акча каражаты жазгы талаа жумуштарына керек болуп жаткандыктан 7-тиркемеге өзгөртүү киргизилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевге көзөмөлдөө жагы айыл чарбасы боюнча туруктуу комитетке тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |