Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 3
План алууга уруксат берүү жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 23.03.2022-жылдагы №01-18/185 жана 08.04.2022-жылдагы №01-18/210 чыгыш сандуу кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун кайрылуулары эске алынсын.
2. Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын соц пакетинен “ЗААВ Чаарат” ЖЧКсы тарабынан Башкы-Терек айылынын турмуш шарты оор тургуну Сапарова Алтынайга 30 000 (отуз миң) сом, Манас Таануу конкурусун өткөрүү үчүн 41 300 (кырк бир миң үч жүз) сом акча каражатына айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счётуна план алууга жана өз багытында чыгымдоого уруксат берилсин.
3. “Вертекс Голд Компании” ЖЧКсынан Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетине сапаттуу үрөн сатып алууга жана эгүүгө 1 000 000 (бир миллион) сом акча каражатына айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеп счётуна план алууга жана өз багытында чыгымдоого уруксат берилсин.
4. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы, айыл чарбасы боюнча туруктуу комитеттерине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |