Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 4
Жайытка чыгаруучу малдын баасын бекитүү жөнүндө
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушу менен Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу бардык айылдардагы жайытка чыгаруучу малдын баасын бекитип берүү жөнүндө сунуштарын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу бардык айылдардагы жайытка чыгаруучу малдын баасы 1 баш бодо малга 500 (беш жүз) сомдон, кой эчкиге 80 (сексен) сомдон бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөт башчысы К.Смаиловго, Каныш-Кыя жайыт комитетинин төрагасы Н.Жолдошевге, көзөмөлдөө жагы жер, агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |