Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 5
Жарандардын кайрылууларын кароо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл аймагындагы турмуш шарты оор, ден соолугуна байланыштуу жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндөгү жардамга муктаж жарандардын кайрылуулары эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал айылынын тургундары Орозалиева Топчугүлгө 20 000 (жыйырма миң) сом, Токтоназарова Жазгүлгө көзүнүн лечениясына 15 000 (он беш миң) сом, Кадырова Сатипа дарыланууга барууга 25 000(жыйырма беш миң) сом, Башкы-Терек айылынын тургуну Нурлан кызы Жагүлгө майып уулу Акбаралиев Исхакты дарыланууга алып барууга 25 000(жыйырма беш миң) сом, Каныш-Кыя айылынын тургуну Дадабаев Кенжебайга аялы Азимбекова Айгүлдү дарыланууга алып барууга 25 000(жыйырма беш миң) сом, Кайың-Суу айылынын тургуну Кудайкулов Өмүрзак дарыланууга 25 000(жыйырма беш миң) сом, Чакмак-Суу айылынын тургуну Эргешова Гүлбүш майып уулу Эргешов Русланбекти дарыланууга алып барууга 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитеттерине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Алике |