Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 6
Чаткал токой чарбасынын айланма каражаттарын бекитип берүү жөнүндө
Чаткал токой чарбасынын директору К.Анарбековдун Каныш-Кыя айылдык кеңешине 11.04.2022-жылы №01-5/36 чыгыш сандуу жазган карылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
1. Чаткал токой чарбасынын директору К.Анарбековдун кайрылуусу эске алынсын.
2. Чаткал токой чарбасынын 2022-жыл үчүн ишке жарамдуу жыгач, отун, жайыт акыга, айдоо жана чөп чабык, токой фондунун жеринде кен казып иштеген фирмалардын аренда акысы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |