Загрузка документа…
КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2022-жылдын 19-апрели № 7
Жаш спортчуларды колдоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловдун 11.04.2022-жылдагы № 01-18/219 чыгыш сандуу катында көрсөтүлгөндөй Коргон-Сай жана Башкы-Терек айылдарынын жаш спортчуларынын жана Каныш-Кыя айылдык кеңешине кайрылган Айгыр-Жал жана Кайың-Суу айылынын жаш спортчуларынын кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
Токтом кылат:
5. Өскөнбаев Мыктыбектин,Назаркулов Бекболдун, Шаршеналиев Талантбектин, Кошбаев Мухамеддин, Ашым уулу Бакдөөлөттун кайрылуусу эске алынсын.
6. Башкы-Терек айылынын тургуну Назаркулов Бекболдун спорттун Самбо түрунөн Азия чемпионатына катышууга 20 000 (жыйырма миң) сом, Коргон-Сай айылынын тургуну Өскөнбаев Мыктыбек Москва шаарында өтүүчү зборго даярданууга 40 000 (кырк миң) сом, Айгыр-Жал айылынын тургуну Шаршеналиев Талантбекке дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына тандалуу үчүн Ош шаарында өтүүчү чемпионатка барууга 50 000 (элүү миң) сом, Кайың-Суу айылынын тургуну Ашым уулу Бакдөөткө спорттун Самбо түрунөн Азия чемпионатына катышууга 20 000 (жыйырма миң) сом, Айгыр-Жал айылынын тургуну Кошбаев Мухамедке Казакстан республикасынын Нур-Султан шаарында өтүүчү грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатына барууга 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
7. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
8. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: |
М.Аликеев |